Ош шаарында эл ташып бараткан маршруттук такси менен жеңил унаа кагышып, мектеп окуучулары жаракат алды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн басма сөз катчысы Рашид Сыдыков кабарлады. Анын айтымында, кырсык бүгүн, 11-февраль күнү саат 7:45 чамаларында шаардагы Масалиев менен Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Кырсыктын кесепетинен маршруттук таксиде бараткан 4 мектеп окуучусу жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
"Шаарда эртең менен Мерседес-Бенц Спринтер менен Хонда Стрим унаасы кагыша кеткен. Анын кесепетинен 4 адам жаракат алып, облустук жана шаардык ооруканага кайрылышкан. Кырсыктын себебин аныктоо жана күнөөлүү тарапка чара көрүү боюнча тергөө тобу тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат", - деди Сыдыков.
Айрым ЖМКлар Мерседес-Бенц Спринтер унаасында бараткан окуучу бала унаанын терезесинен ыргып кеткенин жазышууда. Бирок Сыдыков бул маалыматты тастыктаган жок. "Кырсык учурунда мектеп окуучусу унаанын терезесинен ыргып кеткени боюнча маалымат бизде жок. Ошол эле учурда мындай маалыматты биз эч кимге берген эмеспиз", - деди ал.