Ысык-Көл облусунда таанышын "аялымды зордуктадың" деп союл менен сабап жыныс мүчөсүн кесип салган жаран 14 жыл 6 айга кесилди

Ысык-Көл облусунда "аялымды зордуктадың" деп маркумду союл менен сабап жыныс мүчөсүн кесип салган жаран 14 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Мындай маалыматты 11-февралда Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы Гүлзат Ашыралиева SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 2018-жылдын 16-августунда Чолпон-Ата шаарында болгон. Окуя түнкү саат 23:30 чамасында катталган. Айыпталуучу А.А. мал сарайда мал багып иштеген Т.Б. аттуу жабырлануучуну мас абалында келип "сен менин аялымды зордуктадың" деп союл менен сабап, бычак менен бир нече жолу сайып, жыныстык мүчөсүн кесип өлтүргөн.

Ал эми медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, зордуктоо болгону же болбогону далилденген эмес. Ошондой эле маркум травматикалык тапанчанын огунан каза болгону экспертизада жазылган.

Ысык-Көл райондук соту соттолуучу А.Аны Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси менен күнөөлүү деп таап, 14 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Мүлкү толук конфискацияланып, жазасы күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагынан өтөөсү белгиленген.

Соттун маалыматында, кылмышкер буга чейин да бир нече жолу сот жообуна тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
semo
2019-02-11 19:46:22
Кудай сактасын зынаа кылгандан
+5
saparu
2019-02-12 10:46:58
Менин оюмча туура чечим болбоптур атайылап мыкачылык менен олтургон экен кеминде 20,25 жылга соттош керек болчу
+2
Adi010891
2019-02-12 13:05:37
Сенин аялынды бироо келип зордуктаса, кол чаап карап турмак белен? Туура эле олтурду
+1
amirrus
2019-02-12 14:03:22
Adi010891,кудай сактасын бир жагынан туура эле кылган...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан