Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы саясатчылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов абактан бошотулду деген маалыматты четке какты

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы саясатчылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов абактан бошотулду деген маалыматты четке какты. ЖАМКтын маалымат кызматы кабарлагандай, учурда бул эки адам тең абакта.

"Кубанычбек Кадыров да, Бектур Асанов да учурда абакта отурат. Азырынча соттун чечиминде өзгөрүү бар деген кабар жок", - деди маалымат катчы.

Бүгүн, 12-февралда абакта отурган саясатчылардын маселеси айтылып жаткан жыйында мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун жогоруда аты аталган саясатчылардын абактан бошотулганын айткан. Ал өз сөзүндө мындай кабарды саясатчылардын жактоочусу билдиргенин кошумчалаган болчу.

2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган.

2017-жылы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмгө ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров "кылмышка даярдануу" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылышкан. Эрнест Карыбеков "кылмышты жаап-жашыруу" жана "мамлекеттик чыккынчылык" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесилген.

2018-жылдын 7-июнундагы Жогорку Соттун чечими Кылмыш-жаза кодексинин 38-309-беренесине өзгөртүлүп, соттук коллегия тарабынан жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу соттолуучуларды абактан бошотуу чечими кабыл алынган. Анда Асанов менен Кадыровдун жаза өтөө мөөнөтү 8 жылга, Карыбековдуку 14 жылга кыскартылганы маалым болгон. Эрнест Карыбековдун качан камактан чыгары тууралуу азырынча маалымат жок.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан