Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин адиси: "Бала талашкан ата-энелердин ортосундагы акыркы чечимди сот чыгарат"

Өзүн кыргыздын деми атаган, ырчы Гүлзат Мамытбек учурда мурдагы күйөөсүнөн балдарын ала албай жатканын буга чейин айтып чыккан. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин адисине байланышып кеңеш алды.

Биздин сурообузга министрликтин үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн башкы адиси Динара Асанова жооп берди.

"Күйөөсү менен аялы ажырашканда балдарды ким менен калтыруу - бул чоң жана көйгөйлүү маселе. Мындай учурларда биздин башкармалык колдоо көрсөтүүсү үчүн бизге балдардын атасы же энеси арыз менен кайрылуусу керек. Эгерде маселе сотко жеткен болсо, анда бизге тиешелүү кагаздар келет. Биздин адистер керектүү иш-чараларды жүргүзүп жыйынтык чыгарышат. Негизи балдар атасы же апасы менен кала турганын сот гана чечип берет. Биздин адистер атасынын жана апасынын социалдык абалын байкап, балдар ким менен калганда аларга жакшы боло турганын иликтеп беришет. Иликтөө иштеринин негизинде адистер корутунду чыгарып, аны сотко өткөрүп берет.

Эгерде бала 3 жашка чейин болсо, көп учурда сот эненин пайдасына жыйынтык чыгарып берет. Ал эми бала 10 жаштан улуу болсо сот анын оюн угуп, ошого жараша чечим чыгарат", - деди адис.

Белгилүү болгондой, Гүлзат Мамытбек менен мурдагы жолдошу Талант Курманкуловдун ортосунда 8, 6 жана 3 жаштагы 3 бала бар. Бүгүнкү күндө үй-мүлктү бөлүштүрүү жана балдардын багуучусун аныктоо боюнча соттук отурум Сокулук райондук сотунда райондук инстанцияда өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Modric10
2019-02-13 18:52:07
Супер инфо. Бугун чемпиондор лигасы болот.
Реал Мадрид ойноордо жазып койсонор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан