Боор оорудан улам Индияда каза болгон Ширин Орозобаеванын сөөгү 14-февралда мекенге алып келинет

Боор оорудан улам Индияга операция жасатуу үчүн кетип, каза болуп калган Ширин Орозобаеванын сөөгү эртең, 14-февралда мекенге алып келинет. Мындай маалыматты "Кайрымдуу бол" кайрымдуулук фондунун басма сөз катчысы Тилек Айталиев SUPER.KG'ге билдирди. Анын айтымында, операция ийгиликтүү эле болгон, бирок Орозобаева инфекциянын көптүгүнөн улам ооруну көтөрө албай калган.

"Ширин Орозобаева 2004-жылдан бери боордун альвеококкоз оорусу менен жабыркап келген. Ага Кыргыз жеринде врачтар операция жасап, боору кайра калыбына келет деп жартысын алып салышкан. Беш жыл мурун Ширин эже бооруна аппарат койдуруп, ошол аппарат менен 5 жыл бою жүрө берген. Негизи ал аппаратты 5 айдан кийин эле алмаштыруу керек болгон экен. Биздин фонд жана негизинен кыргыз элинин жардамы менен Орозобаеваны 17-январь күнү Индия жергесине алып барып операция жасатууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Индияга барганда 10 күн бою текшерүүлөр, операцияга даярдоо процедуралары жүргүзүлүп, 25-январда биринчи операция жасалды. Ал 16 саатка созулду, чындыгында оор болду, бирок врачтар операцияны ийгиликтүү өттү дешти. Маселе операциядан кийин жаралды. Баягы 5 жыл бою боордо жүрө берген аппарат органды инфекцияга толтуруп салган экен. Тактап айтканда, Кыргыз өлкөсүндө Орозобаеванын боорунан суу алып, 2 жолу операция жасап, аппаратты коюп жатышканда инфекция киргизип жиберишкен экен. Биз келишим түзгөн оорукана Ширин эженин бооруна 3000 долларлык аппарат коюп беришти. Андан кийин бейтаптын кан басымы жана гемоголобиндин көрсөткүчү төмөндөп кеткенде, 4 күндөн кийин кайрадан операция жүргүзүлдү. Бирок операциянын кесепетинен улам организмде эч кандай жаман жакка өзгөрүү болгон эмес. Ошол боюнча Ширин Орозобаеванын кан басымы көтөрүлбөй жатып, 9-февраль күнү кечки саат 8дерде каза болуп калды", - деди Айталиев.

Тилек Айталиев кошумчалагандай, Ширин Орозобаеванын сөөгү эртең, 14-февралда саат 12:50дө Бишкекке алып келинет. Кечки саат 16:00дө жерге берилет.

Маркум Ширин Орозобаеванын апасы 60 жаштагы Венера Казиева жолдошу экөөнүн тең көздөрүнүн көрүүсү начар болгондуктан бул илдет тукум кууп, 4 кызы, бир уулу төрөлгөндө эле көрүүсү начар болгон. 14 небересинин жетөөнө бул оору жабышканын айткан Казиева тууралуу SUPER.KG порталы буга чейин жазып чыккан. Ширин Орозобаева Венера Казиеванын көзү соо төрөлгөн жалгыз кызы болгон. Буга чейин анын сиңдиси Гүлзада Мамиевага байланышканыбызда, эжесинин каза болуп калганын айткан.

Майып эне: "Үй-бүлөдө 8 адам майыппыз. 7 неберем да бизди тартып калды"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shaa-82
2019-02-14 10:35:06
Аллахым бейиштен орун берген болсун! Байкуш эже коп кыйынчылык коруп жакшы болуп кеталбаптырда(((
0
nuri1
2019-02-14 11:54:48
Тенирим ден соолук берсин. Оорудан сактасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан