Бүгүн, 18-февраль - Кит жана дельфиндерди, дегеле деңиз жаныбарларын коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнү.
Бул майрамды Кит коргоочулардын эл аралык комиссиясы киргизген. 1986-жылы 19-февралда коммерциялык азык катары киттерди уулоого тыюу салынган.
Тыюу салынган соң Япония санкциялардын коркунучу менен келишимге кирүүгө мажбур болгон, бирок "илимий изилдөө үчүн уулоо" деп күнүнө үчтөн кит уулоого мүмкүнчүлүк алган. Бул изилдөөлөрдөн кийин киттин эти ресторандарга түшкөн. 2007-жылы Япония кит уулоону кайра баштоо сунушун киргизген.
2010-жылы 19-февралда Австралиянын премьер-министри Кевин Радд Япониядан кит уулоону токтотууну талап кылып, Гаагадагы эл аралык сотко берерин айткан.