Бишкекте жол кырсыгы катталып, унаанын айдоочусу каза болду

Бишкек шаарында катталган жол кырсыгында айдоочу каза болуп, жүргүнчүсү оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 18-февралда SUPER.KG порталына Бишкектеги медициналык "Тез жардам" станциясынын Кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 17-февраль күнү болжол менен саат эртең мененки 8:00 чамасында Дэн Сяопин жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда Лексус үлгүсүндөгү жол тандабастын айдоочусу жол боюндагы мамыны сүзгөн.

"Жол кырсыгына кабылган унаада айдоочу жана бир жүргүнчүсү болгон. Айдоочу оор жаракаттарды алган, "Тез жардам" кызматынын көрсөткөн жардамына карабастан ал каза болуп калган. Ал эми жүргүнчүсү башка адамдар тарабынан ооруканага жеткирилген. Учурда ал оор абалда №4-шаардык ооруканада жатат", - деди Борисов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан