Талас облусунун Талас районунда жеңил унаа башкаруудан чыгып, эки киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талас районунун Кызыл-Туу айылында Хонда Акорд үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып бакты сүзгөн. Жол кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши каза болуп, дагы бир жаран жабыркаган.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Ал эми жабыркаган жаранды "Тез жардам" кызматы ооруканага алып кеткен.