Ноокендеги жол кырсыгынан эки адам каза болуп, эки киши ооруканага жеткирилди

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 2-октябрь күнү болжол менен саат 9:30 чамасында эки унаа сүзүшүп, эки адам каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Хондо CRV 2 унаасынын башкаруучусунун жол эрежесин сактабай, карама-каршы тилкеге чыгып, Деу-Матиз үлгүсүндөгү унааны сүзгөндүгүнөн улам келип чыккан. Хондо CRV 2 унаасын башкарып келе жаткан 39 жаштагы айдоочу С.С. ооруканага жеткирилсе, Деу-Матиз унаасынын 36 жаштагы айдоочусу Г.Ж. каза болгон.

Жол кырсыгынын натыйжасында аймактык ооруканага эки жаран жеткирилген. Учурда бул кырсык боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
elchi84
2019-10-04 19:22:42
Ошондо бир адам каза болуп 3 адам ооруканага жеткирилген болобу?
0
beko.m
2019-10-05 01:18:39
elchi84,жок жапжаш 2 келин каза болду,30дан ашкан.Бироосу 3 балалуу,экинчиси 5 балалуу ,балдары жаш калды.Боюнда да болгон срогу жетип калган экен
0
mirbek2211
2019-10-07 02:54:40
Ушул айдоочулар этияттагылачы боодо бироонун убалына калып атасынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан