Алматы-Бишкек жолунда жол кырсыгынан Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Toyota Ist үлгүсүндөгү автоунаа менен Toyota Camry үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Андан эки Кыргыз жараны жабыркап, Жамбыл райондук ооруканасына жеткирилген. 26-августта жабыркагандардын бири каза болгон. Учурда Кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине жөнөтүү боюнча иштер жүрүп жатат.
Кечээ, 26-августта казакстандык басылмалар Алматы-Бишкек жолунда жол кырсыгы катталганын жазып чыгышкан.