5-марттан 6-мартка караган түнү Лейлек районунун аймагындагы Исфана-Ош жолунда жол кырсыгы катталганын "ЭЛДИК КАБАРГА" окурман билдирген.
Кырсыктан жабыркагандар тууралуу билүү үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматына байланышканыбызда, 2 адам каза болгону маалым болду.
"Баткен облусунун Лейлек районунда жеңил унаа жол кырсыгына учурап, 2 адам каза болду. Жол кырсыгы 5-марттан 6-мартка караган түнү катталган. Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта бара жатып жол четиндеги бакты сүзүп, экиге бөлүнүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаанын ичиндеги 4 жарандын экөө каза болуп, экөө Лейлек райондук ооруканасына жеткирилген. Каза болгон балдардын бири унааны айдап бара жаткан. Текшерүүдө айдоочу мас абалда экени аныкталган. Учурда кырсык боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.