Жалал-Абадда адам уурдап анын туугандарынан 20 миң доллар акча талап кылганга шектүү кармалды

Жалал-Абад облусунда адам уурдоо жана опузалап акча талап кылуу менен алектеген кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бири кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 12-февраль күнү милицияга белгисиз адамдар Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 28 жаштагы жашоочусун уурдап кетишкени тууралуу маалымат түшкөн. Шектүүлөр жабырлануучуну күч колдонуп Хонда Фит үлгүсүндөгү унаага салып белгисиз тарапка кетишкен. Бир аз убактыттан кийин алар уурдалган адамдын жакындарына телефон чалып, 20 миң долларын талап кылышкан.

"Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад ШИИБи иликтөөгө алган. Анда шектүүлөр Сузак районунун жашоочусун алдоо жолу менен көчөгө чыгарып, сабап, унаага салып кетишкен. Жабырлануучунун досу жардам берүүгө аракет кылганда аны дагы сабап, уюлдук телефонун тартып алышкан. Күбөлөр тарабынан көрсөтүлгөн Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын мамлекеттик номерин текшерүүдө уурдалган болуп чыккан. Андан кийин кылмыш ишинин бети Бишкек шаарында ачылган".

Маалым болгондой, 13-февраль күнү болжол менен 23:00 чамасында борбордогу кичи райондордун бириндеги батирде жардамга чакырган үн чыгып жаткандыгы тууралуу Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнүн кызматына кабарланган. Окуя болгон жерге Биринчи Май РИИБинин ыкчам-тергөө тобу барып, батирде барымтага алынган эркек адам бар экендигин аныкташкан.

"Жабырлануучуну байланган бойдон таштап коюп шектүүлөр сыртка чыгып кетишкен. Ошол учурда ал адам колун бошотуп жардам сурай баштаган. Адам уурдоого шектүү катары Ош облусунун Өзгөн районунун 20 жаштагы тургуну З.Б. кармалган. Болжолдуу маалымат боюнча З.Б. Орусиянын аймагында жасаган кылмыш иши үчүн мурда соттолуп, кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Азыркы убакта адам уурдоо жана опузалап талап кылууга шектелген дагы үч жаранды кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
monster_high_98
2019-02-18 21:37:59
З-б....
0
Usmangar
2019-02-19 00:11:05
ХХХ ХХХХ
Өзү 5-6 эле кыргыз барбыз,сурашсак тууган чыгабыз. Анан билбей кала тургандай ушул иштерди жаСашат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан