super.kg logo

Майлуу-Сууда 16 жаштагы кыз 2 күндөн бери дайынсыз болууда

 

Майлуу-Суу шаарында 16 жаштагы окуучу Камила Абдубаитова 2 күндөн бери дайынсыз. Бул тууралуу өспүрүм кыздын бир тууган агасы Бексултан Абдубаитов билдирди.

Анын айтымында, карындашы өзүнө тиешелүү телефонду үйгө калтырып кеткен.

“Карындашым 18-февраль күнү эртең мененки саат 10дор чамасында мектепке сумкасы жок бара жаткан экен. Анан чоң энем эмне үчүн сумкасын албаганын сураганда, мектепте ишембилик болорун айтып чыгып кеткен. Ошол бойдон үйгө кайтып келген жок. Эки күндөн бери издебеген жерибиз калбады. Ошол күнү кечинде милицияга да кабарладык”, - дейт Абдубаитов.

Өзгөчө белгилери: бою 160-170 сантиметр. Кийген кийимдери кызыл түстөгү куртка, кара түстөгү шым кийип жүргөн.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы мектеп окуучусун издөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирген.





 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
125459;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: