Орусиянын Всеволожск шаарында карыздары үчүн аялдын тааныштары анын 1 жаштагы кызын жана уюлдук телефонун алып коюшкан. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 700 миң рубль карыз болуп калган аялдын үйүнө эки таанышы келип карызын доолашкан. Бирок аял акчасы жок экенин айтып ортодо уруш чыккан. Ага жиндеген тааныштары күч колдонуп аялдын 1 жаштагы кызын жана уюлдук телефонун алып кетип калышкан.
"Карыздын ордуна кызын алып кеткен аялдар аз убакыттан кийин укук коргоо кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Алар кызды энесине кайтарып беришкен. Учурда бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.