Бүгүн, 21-августта Жогорку Сотто Өмүрбек Текебаевдин иши жаңы жагдайларга байланыштуу каралат. 16-июлда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочуларынын арызынын негизинде ишти кайра карамак. Анда соттук отурум 21-августка жылдырылган.
Азыркы тапта Жогорку Сотко Текебаев менен Чотоновдун жакындары, тарапташтары жана санаалаштары келип жатышат. Алардын катарында Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Наталья Никитенко, Алмамбет Шыкмаматов, Абдимуктар Маматов, Бахадыр Сулейманов, Сайдулла Нышанов, Айсулуу Мамашова, экс-депутат Асия Сасыкбаева, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев, экс-губернатор Эмилбек Каптагаев жана башкалар бар.