Нарын районуна караштуу Орто-Нура айылында жол кырсыгы катталды. Нарын облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат катчысынын билдиргенине караганда, анда 3 адам каза болуп, 3 адам ар түрдүү жаракаттар менен Нарын облустук бириктирилген ооруканасына жеткирилишкен.
"Кырсык 26-февраль күнү Орто-Нура айылында катталган. Анда жүк ташуучу Мерседес-Бенц Спринтер унаасы менен Ауди үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Ауди унаасындагы 2 адам окуя болгон жерден каза болуп, дагы бир жүргүнчү ооруканага жеткенде каза болгон. Ал эми айдоочусу ооруканада жатат. Мерседес-Бенц Спринтердеги 2 адам ар түрдүү жаракаттары менен дарыланып жатышат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Ал эми кырсыктын жабырлануучусу Замирбек.Ж. аттуу жаран алган жаракатынан улам учурда ооруканада дарыланууда. Ага байланышканыбызда, Ауди үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу күнөөлүү болуп калгандыгын айтат.
"Түштөн кийин Нарын шаарынан Орто-Нура айылына бара жатканбыз. Ауди үлгүсүндөгү унаа келип каптал жактан сүздү. Андан кийин эмне болгонун билбейм. Ооруканага келип түштүк, менин баш мээм чайкалып, далымдан жаракат алдым. Жанымдагы Спринтердин айдоочусу дагы жаракаттары менен ооруканада", - деди жабырлануучу.
Ал эми милициядан билдиришкендей, учурда окуя боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.