Чүй облусунун Кара-Балта шаарында КамАз унаасы менен жол тандабас сүзүшүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 27-мартта саат 16:30 чамасында болгон.
"Бишкек-Ош унаа жолунда КамАЗ менен Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Мындан улам жол тандабастын айдоочусу кырсык болгон жерде каза болгон. Учурда жеринен кызматкерлер иш алып барып, тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп билдирет басма сөз катчы.