Сокулукта укук коргоо кызматкери унаасы менен 11 жаштагы окуучуну сүзүп, ал каза болду. Каза болгон бала эгиздин түгөйү болгон

Бүгүн, 29-январда жөө адамдар өтүүчү өтмөктө кетип бара жаткан 11 жаштагы окуучу баланы унаа сүзүп кетти. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы таңкы саат 7:10дор чамасында Фрунзе менен Школьный көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кырсыктан жаракат алган окуучу окуя болгон жерден каза болуп калган.

"Катуу ылдамдык менен бара жаткан 24 жаштагы айдоочу Ауди А6 үлгүсүндөгү унаасы менен 11 жаштагы окуучу баланы сүзүп кеткен. Маалым болгондой, сүзүп кеткен адам Чүй ОИИББинин күзөт-кайгуул кызматында ага сержант болуп иштегендиги аныкталды. Ал эми каза болгон окуучу Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылындагы №1-Чыңгыз Айтматов атындагы лицейде билим алган жана эгиздердин түгөйү болгон", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Окуя боюнча топтолгон маалыматтын баары Сокулук райондук тергөө кызматына өткөрүлүп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Эгиз түгөйсүз калды. Милиция кызматкери мектеп окуучусун өлтүрө сүздү
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
zhykyo
2019-01-29 11:28:00
Ыйманы саламат болсун жаман болуптур
+9
Tekecher
2019-01-29 11:33:03
Жайы жанаттан Болсун!
+6
gul3ina
2019-01-29 11:59:39
Ээ кудайым ай байкуш бала.Менин балам да ошо мектепте окуйт.ХХХ директорго канча айттык подземканын ичине свет койдуруп бергиле деп.Балдар подземканын ичинен корккондорунан пешеходдон отуп жатышат да.Айына 700сомдон толойбуз. ХХХ озунун чонтогуно салгандан башканы билбейт.Светофор коюу керек ал жерге.
+13
Take_men
2019-01-30 12:27:27
gul3ina,директорго ишенбей эле ата энелер 100 сомдон чогултса бүтчү жумуш экен...
0
rejepova
2019-01-29 12:00:54
Жоо адамдар отуучу отмокту айдоочулар корбойбу тушунбойсун
+8
aida007
2019-01-29 12:09:41
Кудай ай журогум ооруп Кетти кичинекей бала...((((((1 саат жатып калган турбайбы...балакай
+9
Skarlett-Skarlett
2019-01-29 12:13:06
Кандай бироонун омурун соолутканга акысы бар!?Чырактай баланы олтуруп коюптур,шашпай айдаса болот да.Энесинин кайгысын эне болгон адам билет.Антандап озу органдагылар оздорун башкача сезишет.Жоопко тартылсын!!!
+15
asil-08
2019-01-29 12:30:22
Ата энесине сабыр,козу десе периште болуп учуп кеттин, жүрөгүм ооруп кадимкидей ыйладым. Аллахым балдарыбызга узуун өмүр бере кор Аамиин.
+10
tular
2019-01-30 00:04:25
Кечээ Бишкекте Гагарин кочосундо да автокырсык болгон. Бвктыга жараша Эч ким жабыркабаптыр, бирок 4 машина талкаланды. Айдоочу милиция кызматкери экен, мас экен каргыш тийгир.
+3
tular
2019-01-30 00:05:45
Менин милициям мени коргобой эле, коюп кетет экенго (машина менен).
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан