Майра Керим кызынын уулу, төкмө акын Акжолтой Канатбек уулу жол кырсыгына кабылып, каза болгону маалымдалган. Кырсык тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан маалымат берди.
"Кырсык 11-ноябрга караган түнү саат 12:45те Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 218-чакырымында орун алган. Анда көмүр жүктөп келе жаткан Норд Бенз жүк ташуучу унаа менен Субару Импреза үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы 4 адам каза болсо, дагы бир жүргүнчүсү жаракат алган. Жабырлануучу Кочкор райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - дейт маалымат кызматынан.