Казакстанга Кыргыз өлкөсүнүн айыл чарба продукциясын киргизүүдөгү убактылуу чектөөнү алуу боюнча протоколго эки тараптуу кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
Кечээ, 28-февралда Астана шаарында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Казакстандын өкмөт башчысынын орун басары менен жолукту. Разаков Казакстандын өкмөт өкүлү менен ветеринария, фитосанитария жана суу-энергетика чөйрөсүндөгү маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
"Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында үстүбүздөгү жылдын 19-февралында киргизилген Казакстанга картошка, алма жана курманы ташууга убактылуу чектөөнү алуу боюнча протоколго кол коюлду.
Мындан тышкары Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара тилкесинде көзөмөлдү алып салуу жөнүндө маселе талкууланган. Тараптар Кыргыз Республикасына казакстандык комиссияны жөнөтүүгө макулдашты. Алардын сапарынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз мамлекетинин ветеринардык көзөмөлүнүн эквиваленттүүлүгүн таануу жана Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара тилкесинде ветеринардык-фитосанитардык көзөмөлдү алуу жөнүндө маселе ЕАЭБ кеңешинин 2019-жылдын 29-мартына белгиленген кезектеги жыйынына чыгарылат", - деп билдирди өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы.
Ошондой эле тараптар айланма Чүй-2 каналынын курулушу, Чу дарыясынын бассейниндеги сууну эсептөөнү автоматташтыруу боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишти.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган Кыргыз өлкөсүнүн делегациясын Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин кабыл алган.