Садыр Жапаровдун апасы Кадижан Максутова бүгүн, 7-мартта каза болду. Маалыматты SUPER.KG порталына Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов ырастады.
Белгилүү болгондой, Кадижан Максутова Бишкектеги ооруканалардын биринин урология бөлүмүндө көз жумган. Жерге берүү зыйнаты Ысык-Көл облусунун Түп районунда болот.
SUPER.KG порталы Садыр Жапаровдун аза кайгысын тең бөлүшүп, жакындарына көңүл айтат.
2017-жылы 20-сентябрда Садыр Жапаровдун атасы Нургожо Жапаров каза болгон. Садыр Жапаровго атасынын жаназасына катышууга уруксат берилген эмес.
Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы башаламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.
2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Жапаров учурда Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1-колонияда жазасын өтөп жатат.