Абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун апасы Кадижан Максутова бүгүн, 7-мартта Бишкектеги ооруканалардын биринин урология бөлүмүндө көз жумду. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-март күнү Ысык-Көл облусунун Түп районунда өтөт.
Бирок Садыр Жапаровдун апасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына барары азырынча белгисиз болууда. Жактоочусу Шарабидин Токтосунов эртең Жапаров жаза мөөнөтүн өтөп жаткан абак жайына уруксат берүү өтүнүчү менен кайрыла турганын SUPER.KG'ге билдирди.
"Садыр Жапаров апасы каза болгонун уктубу же уга элекпи билбейм. Бирок жакындары ал жазасын өтөп жаткан абак жайына кабар беришиптир. Эми эртең апасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылам. Уруксат беришеби же жокпу азырынча белгисиз. Буга чейин атасы каза болгондо уруксат бербей коюшкан", - деди Токтосунов.
Садыр Жапаровдун атасы Нургожо Жапаров 2017-жылдын 20-сентябрында 84 жашында каза болгон. Садыр Жапаров ошол учурда абакта болуп, атасынын жаназасына катышууга уруксат берилген эмес.