Бүгүн, 24-январда парламент жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов Садыр Жапаров боюнча кылмыш иши кайрадан сотко жиберилгени тууралуу маалымат чыкканын айтып, маалыматты тактап сурады.
Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров 3 миңден ашык абакта жаткан адамдардын ишин кайра кароо үчүн сотко жиберилген, анын ичинде Садыр Жапаровдун да иши карала турганын айтты.
"1-январдан баштап жаңы кодекстер ишке киргенден тарта кайрадан сотко жибердик. Буга чейин кодекстер ишке кирбегендигинен сотко жибере алган эмеспиз. Жыл башынан баштап бизде абакта жаткан 9535 адамдын кылмыш ишин кайра кароо үчүн сотко жөнөтүшүбүз керек экен. Бирок абакта жаткан адамдын өзүнүн да макулдугу керек. Учурда 3 миңден ашык абакта жаткан адамдардын ишин кайра кароо үчүн сотко жиберилди. Муну 10-15 күндүн ичинде бүтүрөбүз. Соттор жаңы кодекстерге ылайык карап чыгышат. Ошонун ичинде Садыр Жапаровдун иши да башкалардыкы сыяктуу эле каралат", - деди Жапаров.