Тажикстанда 83 жаштагы кемпирди кызы менен кошо өз үйүнөн карышкырлар талап өлтүрдү

Тажикстанда 83 жаштагы кемпирди кызы менен кошо карышкырлар талап өлтүрдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Ага ылайык, окуя Шунган районундагы Мденхор кыштагында 7-марттын таңында болгон. Жырткыч жаныбарлар алардын үйүнүн короосуна кирип келишкен. Улгайган аял менен анын 55 жаштагы кызы эртең менен сыртка чыкканда бир топ карышкырлар талап, тиштеп салышкан, 2 аял тең ошол жерде жан берген.

Мындай коркунучтуу көрүнүш аталган райондо буга чейин да катталып келгендиги жазылат маалыматта. Ушул эле жылдын январь айында Даштак айылында карышкыр 5 жаштагы балага кол салган. Анда жергиликтүү жашоочулар баланы куткарып калышкан. Бирок ал денесинин көп жеринен жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Андан көп өтпөй ушул эле айылда 30 жаштагы милиция кызматкери үйүнөн чыккан кезинде артынан топ карышкыр кууган. Ал коңшусунун үйүнө качып кирип кутулган. Даштакка жакын Сипинз айылында да карышкыр 6 жаштагы баланы тиштеп, туугандары жырткычтын тишинен аны куткарып калышкан.

Укук коргоо органдары аңчылык кылган фирмалар менен сүйлөшүп карышкырлардын тобун атуу аракеттерин көрсө да алардын адамга кол салуусу уланып жатат. Тажикстандын Аңчылар ассоциациясынын башчысы топ карышкырдын айылга чейин кирип келүүсүн кышкысын тоодон жегенге жандык таппай ачка болуп жаткандыгы менен түшүндүрүп, үй жаныбарларына кол салуу үчүн келип жатышат деп айткан.

"Ошол маалда адамдар туш болуп ач карышкырлар аларга кол салууда, жырткычтарды атып жок кылуу керек", - деген ал өзүнүн билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nur777
2019-03-08 12:52:36
Бей ажал олумдон Кудай сактасын!
Адам кандай учурда,кандай ажал алаарын билбейт турбайбы...
Жаткан жерлери жайлуу болсун апалардын.
+7
Bars88
2019-03-08 13:31:54
Силердин депутаттар жакшы иштебейт окшойт.Биздикилер вертолет танка менен атып атышпайбы карышкырларды
+22
mbmur
2019-03-08 13:35:52
Bars88,Уялбай элеби?)))
+14
Nur777
2019-03-08 13:47:14
mbmur,шапкасын баса кийип алса уялбайт
+13
Aiymkunumjyldyzym
2019-03-08 22:45:01
Al karywkyrlardyn astynan bizdegi 120 jandyk,it kuw,iwi kylyp jegenge ylaiyktuulary but chyga kalsa ee,Ustudogu kommentaryiler jarat go ,Oi bizdikiler,bizdikiler.Adamdardyn ilhomun keltiresiner go chirkin luboi jerde.
0
Baatirbek81
2019-03-08 23:59:45
Биздин депутатарды жиберсе карышкырлар калбай калат,биздикилер карышкырды кой жегендей жеп таштайт.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан