Эфиопияда кулап түшкөн учактын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн арасында тирүү калгандар жок

Эфиопияда кулап түшкөн учактын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн арасында тирүү калгандар жок. Бул тууралуу учак тиешелүү болгон компаниянын жетекчилигине шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Ethiopian Airlines компаниясынын башкы директору Тевольде Гебремариам кырсык болгон жерге барып, аман калгандар жок экендигин тастыктаган. Мындан сырткары ал Boeing компаниясы менен кырсыктын келип чыгышы боюнча биргеликте иликтөө жүргүзө тургандыгын билдирди.

"Учак абага көтөрүлгөндөн 6 мүнөттөн кийин пилот учууда көйгөйлөр пайда болгонун айтып, кайра кайтууга уруксат сураган. Диспетчер тарабынан кайтууга уруксат берилген", - деп билдирген Гебремариам.

Авиакомпаниянын интернеттеги расмий баракчасы жарыялагандай, учакта 35 өлкөнүн жараны болгон. Азырынча кырсыктан Кениянын 32, Канаданын 18, Эфиопиянын 9, Италия, Кытай жана АКШнын 8, Улуу Британиянын жана Франциянын 7, Египеттин 6, Нидерландынын 5, Индиянын жана Словакиянын 4, Австрия жана Орусиянын 3, Марокко, Испания, Польша жана Израиль өлкөсүнүн 2ден жараны каза болгондугу белгилүү болду.

Кечээ, 10-мартта 157 жүргүнчүсү бар Ethiopian Airlines компаниясынын учагы Аддис-Абеба шаарынан алыс эмес жерде кулап түшкөн. Кырсыкка кабылган Boeing 737 учагы Кениянын Найроби шаарына
бара жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aliza_96
2019-03-11 09:43:34
Иии Аллахым боодо кырсыктан сактасын
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан