Мелис Турганбаев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы болуп дайындалды. Мекеме жамаатынын жаңы жетекчи дайындалганынан кабары жок (толукталды)

Мелис ТурганбаевМурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы болуп дайындалгандыгы жазылууда. Маалым болгондой, мындай буйрукка бүгүн кол коюлган.

Ал эми өкмөттүн маалымат кызматы азырынча бул кабарды тастыктай албай турганын, аз убакытта маалымат таратарын билдирди. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы жаңы жетекчинин дайындалганы боюнча мекемеге кабарланбаганын айтат.

Мелис Турганбаев 1962-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1986-жылы Кыргыз ССР ИИМинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкери болуу менен эмгек жолун баштаган. Ошондон тартып Ички иштер министрлигинин бир катар бөлүмдөрүндө иштеп, 2008-жылы ички иштер министринин биринчи орун басары кызматына келген. 2014-жылы ички иштер министри болуп дайындалып, 2016-жылдын май айында өз каалоосу менен арыз жазып кызматтан кеткен.

Таалайбек ЖапаровАл эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын ушул күнгө чейин Таалайбек Жапаров жетектеп келген. Ал аталган кызматтын жетекчисинин орун басары кызматына 2016-жылдын март айында келип, ошол эле жылдын 26-июль күнү төрагасы болуп дайындалган.

Таалайбек Жапаров 1967-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун аяктаган.

Эмгек жолун 1995-жылы Улуттук коопсуздук кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгында аскер кызматы, түрдүү оперативдик кызматтарды аркалоо менен баштаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан