Буга чейин өкмөттүн маалымат кызматы Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаевдин кызматтан бошотулганын кабарлаган. Аталган кызматка өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акрам Мадумаров дайындалды. Өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү бүгүн, 1-апрелде билдиргендей, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Акрам Мадумаров буга чейин 2017-жылдын сентябрь айынан бери Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп иштеген. 2013-жылы апрель айында Кадамжай районунун акими болуп шайланган.
2017-жылы 19-июнда президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган.
Мадумаров 42 жашта. Ал Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кара-Дөбө айылында туулган.