Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырдан улам Ош-Исфана жолу жабылып, атылган октун үнү угулууда. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге жергиликтүү тургундар кабарлашууда.
Орто-Боз айылынын Чынарбек аттуу тургунунун айтымында, учурда кайрадан айыл тургундары чогулуп жатышат.
"Ош-Исфана жолунун Жака-Өрүк участкасын Тажикстандын жарандары жаап алышты. Менин дагы бир тууган иним Лейлек районунан Баткен районуна келе жаткан болчу, жол жабык болгондуктан өтө албай жатыптыр. Мындан улам эки-үч саат мурун үйлөрүнө тарап кеткен эл кайрадан чогулуп жатышат. Ал эми Ак-Сай айылында атылган октун үндөрү угулуп жатат", - деди Орто-Боз айылынын тургуну.
Мамлекеттик чек ара кызматы буга чейин Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыгып, эки тарап бири-бирине таш ыргытышканын тастыктаган.