8-майда Баткен районундагы Кыргыз-Тажик чек арасында болгон чырдан улам өрттөлгөн үйдү калыбына келтирүү иштери учурда кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу үй-бүлө мүчөсү Айзада Хамдамова билдирди. Айтымында, учурда үй курулуп жатат жана аларга ар тараптан акчалай жардамдар да көрсөтүлүүдө.
Буга чейин күйгөн үйдүн чыгымдарын эсептөө, талашка түшкөн жерди чечүү максатында Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын деңгээлинде эки тараптуу сүйлөшүү болгон. Бирок али чыгым эсептелине электиги тууралуу маалымдалган. Ал эми жергиликтүү бийлик чек ара чырында өрттөлгөн үй тергөө иштеринин жыйынтыгын күтпөстөн, курула тургандыгын кабарлаган.
Эске салсак, 8-майда Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыздар менен тажиктердин ортосунда чыр чыккан. Жергиликтүү тургундардын жана расмий бийликтин билдиришинче, чыр жер тилкесин талашуудан чыккан жана аныгында талашка түшкөн жер тилкеси кыргыздарга тиешелүү болгон. Тажик тарап чыр-чатак учурунда чек араны чок ортосунда жайгашкан кыргыз тарапка тиешелүү үйдү да өрттөп жиберишкен. Жер тилкеси үчүн 30-40ка чукул кыргыздар менен 30-40тай тажиктер бири-бирине таш ыргытышып, уруш учурунда ок дагы атылган.