Кыргыз-Тажик чек арасында топтолгон эл тарай элек. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Мамлекеттик Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкарыева кабарлады.
Анын айтымында, чогулган эл тарай элек, бирок жаңжал чыккан жок.
"Абалды учурда чек ара кызматынын, күч органдарынын жана Баткен райондук администрациясынын кызматкерлери көзөмөлдөп турушат. Чогулган эл тарабаганы менен, кечээкидей жаңжал чыккан жок. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары, полковник Курманбек Исаков учурда ошол жакта. Эки тарап сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат", - деди басма сөз кызматкери.
Мамлекеттик чек ара кызматы буга чейин Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыгып, эки тарап бири-бирине таш ыргытышканын тастыктаган. Анда бир Кыргыз жаранына таш тийип ооруканага жеткирилсе, саат 21:40тан баштап күчөтүлгөн тартип киргизилген.