Бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев чек ара боюнча маселени көтөрдү.
"Чек арадагы чырдын болгонуна канча күн өттү, өкмөт үн катып койгон жоксуздар. Маалымат берип койбойсуздарбы. Элде нааразычылыктар, түшүнбөстүктөр көбөйүп жатат. Баткендеги спецназдардын айлыктарын көтөрүү керек. Премьер-министр Жогорку Кеңеште алардын айлыгын көтөрүү боюнча сөз берген", - деди ал.
Окуянын чоо-жайы:
8-майда Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыздар менен тажиктердин ортосунда чыр чыккан. Жергиликтүү тургундардын жана расмий бийликтин билдиришинче, чыр жер тилкесин талашуудан чыккан жана аныгында талашка түшкөн жер тилкеси кыргыздарга тиешелүү болгон. Жер тилкеси үчүн 30-40ка чукул кыргыздар менен 30-40тай тажиктер бири-бирине таш ыргытышып, уруш учурунда ок дагы атылган.