Бүгүн, 24-майда Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кыргыз-Тажик чек арасындагы Мойнок деген жайлоодо ок атышуу болгон. Маалыматты SUPER.KG порталына Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев тастыктады.
Айтымында, атышуу Тамдык деген жерде эмес, Мойнок деген жайлоодо болгон.
"Атышуу Тамдык деген жерде эмес, Мойнок деген жайлоодо болгон. Азыркы тапта баары тынч, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы маалымдалды. Ал жакта чынында байланыш тартпайт. Окуя блокпостто болгон. Азырынча окуя боюнча кенен маалымат жок жана кечке чейин кенен маалымат айтылат", - деди айыл башчы.
Окуя боюнча кошумча маалымат берилет.