Чек ара кызматы: "Кыргыз-тажик чек арасында топтолгон жарандар дээрлик тарап кетишти"

Кыргыз-тажик чек арасында топтолгон жарандар дээрлик тарап кетишти. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда абал бир топ турукташып калды, бирок Исфара-Ворух, Баткен-Лейлек автожолдору жабык бойдон калууда.

"14-март күнү кечинде абалды турукташтыруу үчүн эки тараптын делегацияларынын жолугушуусу болду. Жолугушууга Кыргыз тараптан вице-премьер-министр, Чек ара кызматынын төрагасы, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ички иштер министринин орун басары жана күч структураларынын өкүлдөрү катышты. Жолугушуу бүгүн да уланат.

Чек арага жакын жайгашкан аймактардын жашоочуларына эки тараптан тең түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып баруусун улантууда", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Muratmipa
2019-03-15 11:16:12
Тарап кеткен менен маселе чечилбейт биринчиден мамелени чечиш керек кайра кайталанбай турган кылып . Или границаны 3 ай жаап салса вот ошондо Тажиктер озуно келишет тизелеп жугунуп келишет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан