Чек арадагы чырда милиция кызматкери октон жаракат алды. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге Баткен ОИИБинен тастыкташты. Алган жаракатынан улам ал ооруканага жиберилди.
Айрым маалыматтарга караганда, ага Тажикстан тараптан атылган ок тийген. Бирок учурда ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкери эмнеден улам жаракат алганы боюнча маалымат бере элек.
Мамлекеттик чек ара кызматы саат 16:10 чамаларында Кыргыз-Тажик чек арасында абал кайрадан курчуп кеткенин, Ак-Сай айылынын Бакай аймагында чогулгандардын бири-бирине таш ыргытуусунан бир адам жаракат алганын билдирген.
Кечээ, 13-мартта Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан улам 5-6 адамга таш тийип жаракат алышканы маалымдалган. Дагы бир адамга ок тийип, ага Баткен облустук ооруканасында операция жасалганы белгилүү болгон. Бул маселе боюнча бүгүн өлкө башчы Кыргыз мамлекетинин чет өлкөдөгү элчилери менен жолугушууда үн каткан жок.