"3 аскердин абалы оор". Кыргыз-Тажик чек арасынан чыккан чырдан жаракат алган аскерлердин абалы айтылды

8-май күнү Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында чыр чыгып, ок атышуу болуп, 3 аскер жабыр тартканы маалымдалган. Саламаттыкты сактоо министрлиги жабыр тарткан 3 аскердин абалы боюнча маалымат берди.

"Кечээ, 8-майда Баткен облустук биргелешкен ооруканасына жаракат алган 4 ( 3 аскер кызматкери, 1 тургун) жабырлануучу түшкөн. Алардан 3өө ооруканага жаткырылып, бирөөнө алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн соң абалы канааттандырарлык болуп, үйүндө дарыланууга чыккан.

Бүгүнкү күндө төмөнкү жарандар ооруканада жатат:

1. Жабырлануучу С.у.М. 1994-жылы туулган. Диагнозу: кыр арканын көкүрөк тушуна ок атуудан алган жаракаты, курсак жана жамбаш сөөгүнүн ок атуудан тийген жаракаты. Ага операция жасалган, абалы өтө оор.

2. А.у.М. 1995-жылы туулган. Диагнозу: Көкүрөк тушуна ок жеген. Операция жасалган. Абалы оор, туруктуу.


3. Т.у.Ч. 1996-жылы туулган. Диагнозу: Көкүрөк тушун ок тешип өткөн. Жараатка алгачкы хирургиялык тазалоо жүргүзүлгөн. Абалы оор, туруктуу.

Жабырлануучулардын баары медициналык көзөмөлдө, дары-дармектер, кан компоненттери жетиштүү өлчөмдө бар.

Ош облус аралык биргелешкен ооруканадан Баткен облусунун биргелешкен ооруканасына нейрохирург, торакалдык хирург жана реаниматолог баш болгон дарыгерлер бригадасы келген", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
tina-Tin
2020-05-09 09:23:46
Аллах шыпаасын берсин. Качан бийликтегилер саясий чечим кабыл алат. Умут деле калбады.
+12
Krai
2020-05-09 09:45:21
Ии жапжаш чырактай болгон жигиттер экен эле
+5
katerina.li
2020-05-09 10:08:21
Жапжаш балдардын убалы кимге?? Неге ушундай ызы чууда чондор бир басып барышпайт чек арага?? Ушу балдардын убалы,коргон азабы уктатпасын силерди
+6
talaa11
2020-05-09 10:17:08
Чондорду алты миллион адамдын каргышы урсун акмактар
+6
erlanspb
2020-05-09 10:18:03
Ушул октор чондорго келип тийсе болмок балдары барбы олордун Баткенде служба кылнан или Баары еле Гварлияга отуп кеткенби балдары
+4
Goodyer
2020-05-09 10:19:56
Бишкекте кыйын болуп бакыргандар баргыла
Чон казат силер дагы баргыла
+3
titanik32
2020-05-09 10:42:22
Аллахым шыпаасын берип бат айыгып кетишсин.
+2
Povetkin
2020-05-09 11:13:46
Магдыра баштар ойлонбой бекен, ушунча баланын каны тогулуп атат, уйундо кантип тынч уктап атат экен, ушулардын балдарын жонотуш керек эле ошол погранга корот элем ошондо кайсы чиновник уйундо спокойно уктайт экен.
+5
JaneEr
2020-05-09 11:25:53
Неге тажиктер жазаланбай кутулуп кетеби эми?
+6
stal.ks
2020-05-09 12:10:21
чек арада турган солдаттарга бронжилет кийгизип койсо, ушундайда сактап калат эле
+3
Aman_90
2020-05-09 12:19:07
Ошол жерде тик турган аскерлерге таазим!Азаптуу чек аранын айынан ушуларга кыйын болду омурлорун тообокелге салып!
+2
aza84
2020-05-09 12:32:59
Эртерек сакайып кеткиле
+2
anash
2020-05-09 13:01:17
Аллахым шыпаасын берип бат айыгып кетишсин.
Урматтуу президент ушинтип журуп бирдемени коргону калдынар элдин кыжырына тийбей реакция кылбайсынарбы аларда биронун баласы ата энеси кантип атты экен
+1
Kona8631
2020-05-09 14:07:20
Границаны чечалбаган бийлик бийликпи?
+1
Mamiev
2020-05-09 15:03:34
Баткендин ортосунда тажиктердин жери бар. Ошолорду кысып өткөрбөй чыгарбай койсо эле болмок. Жепутаттар ал жака бизнестерин өткөрүп жатса керек бенсин товарларын.Зым менен тозуп коюш кыйынбы жок дегенде Баткендин чек арасын тактап чечип койсо. Эгер Казакстандын ичинде Кыргызстандын айылы болсо ушундай өнөр көрсөтүшмок эч нерсе өткөрбөй. Биздечи... Жаза берсең сөз көп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан