Адил Турдукулов: "Укук коргоо органдарынын "Супер-Инфо" гезитинин ишине кийлигишүүсү оппозициялык көз караштарды айтуучу аянтча болуп калганына байланыштуу болушу мүмкүн"

Жарандык активист, Сөз эркиндигин коргоо комитетинин башчысы Адил Турдукулов “Супер-Инфо” гезитине каршы жүрүп жаткан аракеттер боюнча тынчсызданып жатканын билдирди. Ал укук коргоо органдары тарабынан көрүлүп жаткан аракеттер гезиттин оппозициялык көз караштарды чагылдыруучу аянт болгону менен байланыштуу деген пикирде.

"2013-жылдагы фактыга байланыштуу кайсы бир жарандын арызы менен өлкөдө кыргыз тилдүү эң популярдуу "Супер-Инфо" басылмасынын директорунун Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына суракка чакырылышы боюнча тынчсыздануумду билдирем. Акыркы убакта гезит жана веб-портал белгилүү саясатчылар жана жарандык активисттердин оппозициялык көз караштарын айта турган аянтча болуп калган. Укук коргоо органдарынын гезиттин ишине кийлигишүүсү дал ушул нерсеге байланыштуу болушу мүмкүн. Азыркы президенттин мурункудан айырмасы көз карандысыз ЖМКлардын иштешине мүмкүнчүлүк берүү экени мамлекеттик органдардын эсинде болушу керек. Мындан ары да ошондой болот деген ишеничтебиз", - деди Адил Турдукулов.

14-март күнү “Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси Финполго суракка чакырылган. "Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын тапкан акылга сыйбай турган шылтоосу саясий же рейдерлик кызыкчылыкты көздөгөнү даана көрүнүп турат", - деп билдирген "Супер-Инфо" басылмасы.

15-мартта “Супер-Инфо” гезитине каршы жүрүп жаткан аракеттер боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан маалымат таратылган. Анда аталган кызмат “Супер-Инфону” документтерди бербей жатат деп айыптаган. Буга "Супер-Инфо" гезити "Финполдун "редакция документтерди бербей жатат" дегени чындыкка дал келбейт" деп жооп кылды.

"Freedom House" уюму ачкан "ЖМКны колдоо борбору" коомдук фонду басмакана менен "Супер-Инфо" гезитинин нускасынын санында айырмачылык бар деген Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча "Супер-Инфо" менен бизде айырмачылыктар жок. Бардыгы мыйзам чегинде ачык жана так" деп жооп берди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан