Равшан Жээнбеков: "Эң таасирдүү "Супер-Инфо" гезитине басым башталганы бийликтин келечегине терс таасирин тийгизет"

“Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси бүгүн, 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) суракка чакырылды. Буга “ММКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков эң таасирдүү "Супер-Инфо" гезитине басым башталганы бийликтин келечегине терс таасирин тийгизе турганын айтты.

"Супер-Инфо" гезити - таасирдүү кыргыз тилдүү гезит. Азыркы күндө "Супер-Инфо" бийликтин ичинде болуп жаткан окуяларды ачык, объективдүү, ар тараптуу чагылдырган эгемендүү гезит болуп эсептелет. Мына ушул нерсеге басым кылалы, өзүбүздүн кызыкчылыбызга буралы деп бийликтин ичиндеги кайсы бир топтор чечим кабыл алган болушу мүмкүн. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына ошолор көрсөтмө берип, басым жасагыла деп айтышы ыктымал. Бул эгемендүү маалымат каражаттарына, сөз эркиндигине басым болуп саналат. Мамлекеттеги жаңы өнүгүп келе жаткан маалымат каражаттарына, эркиндикке, демократияга президент Сооронбай Жээнбековдун жана анын командасынын биринчи басымы деп айтсак болот. Бизде президенттер жана анын тегерегиндегилер 3-4 жылдан кийин тийишип башташат. Азыркы президент жана анын командасы 1 жыл 4 ай болгондо эң таасирдүү маалымат каражатына басым баштаганы бийликтин келечегине терс таасирин тийгизет. Бул уят иш", - дейт Жээнбеков.

Экс-депутаттын айтымында, "Супер-Инфо" гезитинин тегерегиндеги окуя - бул саясий куугунтук. "Супер-Инфо" акыркы учурда бийликке көп объективдүү сын айтып жаткан. Бүгүн бийлик Финпол аркылуу атайын басым жасап жатат. Бул түздөн-түз "Супер-Инфого", негиздөөчүсү Кылычбек Султанга, жалпы ЖМКларга, сөз эркиндигине басым кылуу болуп саналат", - деди ал.

Равшан Жээнбеков: "Супер-Инфо" гезитине басым башталганы бийликтин келечегине терс таасирин тийгизет”
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан