"ММКларды колдоо борбору" коомдук фонду: "Супер-Инфо" менен бизде айырмачылыктар жок. Бардыгы мыйзам чегинде ачык жана так"

Бүгүн, 15-мартта "Freedom House" уюму ачкан "ЖМКны колдоо борбору" коомдук фонду басмакана менен "Супер-Инфо" гезитинин нускасынын санында айырмачылык бар деген Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча жооп берди.

"Салык кызматынын Биринчи Май району боюнча башкармалыгы тарабынан ушул жылдын 7-февралында "ЖМКны колдоо борборунда" салык мыйзамы талаптары толук жана өз убагында аткарылары боюнча пландуу текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүгө бардык керектүү документтер толук көлөмдө көрсөтүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акт түзүлгөн. "ЖМКны колдоо борбору" тарабынан салык мыйзамын бузуу табылган эмес. Фонддо басылып чыккан бардык гезиттин, анын ичинде "Супер-Инфонун" да нускасында айырмачылыктар жок.Бардыгы мыйзам чегинде ачык жана так", - деп коомдук фонд тараткан маалыматта жазылат.

Ошондой эле "ЖМКны колдоо борбору" фонддун сайтындагы басылып чыккан гезиттердин нускасы тууралуу арыз жазган Н.Т. аттуу жарандын шилтемеси бүгүнкү күнгө карата эскирген маалымат болуп саналарын, анын актуалдуу эмес экендигин билдирет. Ал тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына расмий кат менен маалымат 5-февралда жөнөтүлгөнүн коомдук фонд маалымдайт.

"Фонддо басылган бардык гезиттердин милдеттүү экземпляры мыйзамга ылайык Китеп палатасына жөнөтүлөт. Гезитте көрсөтүлгөн нуска салык документтеринде көрсөтүлгөн нускага туура келет", - дейт "ЖМКны колдоо борбору".

Буга чейин бүгүн эле “Супер-Инфо” гезитине каршы жүрүп жаткан аракеттер боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан маалымат таратылган. Анда аталган кызмат “Супер-Инфону” документтерди бербей жатат деп айыптаган. Буга "Супер-Инфо" гезити "Финполдун "редакция документтерди бербей жатат" дегени чындыкка дал келбейт" деп жооп кылды.

Кечээ, 14-март күнү “Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси Финполго суракка чакырылган. "Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын тапкан акылга сыйбай турган шылтоосу саясий же рейдерлик кызыкчылыкты көздөгөнү даана көрүнүп турат", - деп билдирген "Супер-Инфо" басылмасы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан