Бүгүн, 15-мартта “Супер-Инфо” гезитине каршы жүрүп жаткан аракеттер боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан маалымат таратылды. Анда аталган кызмат “Супер-Инфону” документтерди бербей жатат деп айыптады. Буга "Супер-Инфо" гезити төмөнкүчө тактоо киргизди:
"Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат айтып жаткан факт боюнча "Freedom House" уюму ачкан "ЖМКны колдоо борборуна" Салык кызматы тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Дал ушул текшерүүнүн чегинде “Супер-Инфо” гезитине салык кызматынын инспектору тосмо текшерүү менен келип, басмакана менен гезиттин ортосунда эч кандай эреже бузуулар жоктугун аныктап, тийиштүү акт жасап кеткен. Андыктан Финполдун редакция документтерди бербей жатат дегени чындыкка дал келбейт".
Башкача айтканда, Мамлекеттик салык кызматы Т.Н. аттуу жаран жазган арыз боюнча типография менен гезиттин ортосунда эч кандай мыйзам бузуу жоктугун тастыктаган. Бул боюнча тийиштүү акт бар. Мамлекеттик салык кызматы жыйынтык чыгаргандан кийин деле текшерүүлөр токтобой, редакцияга суракка чакыруулар келип жаткандыгын “Супер-Инфо” жалпы республикага таанымал оппозициялык гезитке кысым көрсөтүлүшү, демек, Кыргызстандагы сөз эркиндигине мамлекеттик көзөмөлчү органдар аркылуу кысым көрсөтүү деп кабыл аларын билдирет.
Кечээ, 14-март күнү “Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси Финполго суракка чакырылган. "Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын тапкан акылга сыйбай турган шылтоосу саясий же рейдерлик кызыкчылыкты көздөгөнү даана көрүнүп турат", - деп билдирген "Супер-Инфо" басылмасы.