Бүгүн, 19-март күнү "Оппозициялык "Супер-Инфо" гезитине карата бийликтин чабуулу" аталышындагы маалымат жыйыны болуп өттү. Ага "Супер-Инфо" гезитинин директору Шайиста Шатманова, мурдагы элчи Кылычбек Султан, юрист Таалайгүл Токтакунова жана башкалар катышты.
“Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси кечээ, 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) суракка чакырылды. Буга чейин 14-мартта чакыруу болуп, буга “ЖМКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон. Финполдун инспекторунун берген суроолоруна эки сааттай жооп берип чыккан гезиттин директору Шайиста Шатманова аталган мекеменин негизсиз суракка чакырышы боюнча Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылышканын айткан. Бүгүн саат 13:00дө аталган арыздын негизинде соттук отурум болмокчу.