Астана шаары расмий түрдө Нур-Султан деп өзгөртүлдү

Астана шаары расмий түрдө Нур-Султан деп өзгөртүлдү. Бул тууралуу Казакстан президентинин расмий баракчасы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Касым-Жомарт Токаев тиешелүү жарлыкка бүгүн кол койду.

"Президенттин Астана шаарынын аталышын Нур-Султан деп өзгөртүү тууралуу жарлыгы жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет", - деп айтылат маалыматта.

19-март күнү Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев түз эфир аркылуу кайрылуу жасап, өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу чечимин кабыл алгандыгын жарыялаган. Назарбаев парламенттин төрагасы Касым-Жомарт Токаев убактылуу президенттин милдетин аткарарын кошумчалаган.

20-мартта жаңы президент Токаев ант бергенден кийин, Нурсултан Назарбаевдин атын түбөлүккө калтыруу үчүн, борбор шаардын ысымын "Нур-Султан", деп өзгөртүүнү сунуштаган. Ошол эле күнү интернетте Астананын атын өзгөртүүгө каршы петиция жарыяланып, ага кол койгондордун 23-мартка карата 43 миң 981ге жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
kyialreal
2019-03-23 16:33:37
Бизда Бишкекти Алмазбек десекбекен
-15
baisogur
2019-03-23 16:36:24
Сооронбай Жеенбеков каркыра менен узонгу куушту жана башка отуп кеткен жерлерди кайтарып алса Бишкекти Сооронбай деп озгортсо мен каршы болбойт элем
+16
NikkiMartin
2019-03-23 17:25:08
baisogur,Сооронбай Жээнбеков эмне Манас болуп кеттиптирби, жерлерди кайтарып алгыдай?! Сооронбай Жээнбековдун колунан эч нерсе келбейт. Кылам деген адам кылып коет, 2 жыл болду эч бир жылыш жок...
+15
aliya-leyla
2019-03-24 08:23:26
NikkiMartin,бардык нерсеге озубуздун жаман эагыбызды жармаштыра койгонго эле устабыз
-3
volk9494
2019-03-24 11:06:52
NikkiMartin,ээ брат бир ишти кыларда ойлонуп кылыш керек өзүн көрсөтүш үчүн бүт элди жарга такаш керекпи көч бара бара түзөлөт дегендей аста аста болуп өзгөрүш болот бир адамдан көз каранды эмес бардыгыбыздан көз каранды өлкөнүн өнүгүшү кадрлар да чоң роль ойнойт
0
NikkiMartin
2019-03-24 20:28:57
volk9494,Досум, бул дуйнодо Нельсон Мандела деген президент жашап кеткен. Ошол адам омурунун коп болугун турмодо отуруп чыгып анан президент болгон адам. Президентик ишке киришкен куну эле жаш балдардын медицинасын бекер кылган, 18 жашка чейинки окууну бекер кылган, 1 жыл ичинде 129 айылга таза суу киргизген ге жетишкен, аппартеидти жоюп салган, каралар менен актардын укугуу бир болгон. Айта берсен соз коп, мен аны мактаган жокмун. Бирок дуйнолук лидер лерден сабак алыш керек.
0
Mirlan27011987
2019-03-23 17:09:06
Сооронбайга ат кою жарашпайт. Андайга татыктуу да эмес.
+3
elchi84
2019-03-23 17:43:59
Беш жылдан кийин Касым же Токай деп дагы озгорот.
0
KAYRATBEK
2019-03-23 18:00:20
Туугандар бироого сын таккандан алыс болгула бул ото чон куноо. Эртеге ар бир сын таккан создорубузго ар бир кемсинткен создорубузго жооп берчуу кун алыс эмес. Тилдин соогу жок каяка бурсан кете берет. Силерди тил башкарбасын а тилди силер башкаргыла.
+10
Барс
2019-03-23 18:10:14
Бизге тиешеси жок болгон соң, казак баурлардын жасаган иштерине неге эле күйүп-бышып жатабыз ыя? Же Астана кыргыздын аты беле, кызык!
+11
Tolkun555
2019-03-23 18:10:35
Элдин ою менен эсептешип койгон дагы жакшы болот эле.узаагына суйунттсун деп коёлу.Келечекте дагы канча озгорот.
-1
Azamat_15
2019-03-23 19:06:52
Соке шаардын балекетин алабы тыныраак суйлоп алсынчы
0
Sajakat14
2019-03-24 01:44:48
Azamat_15,эркин мамлекетте жашаганыьыз үчүн президенттин бешигин термегенлей асылып жатасың. Казакстанда болсоң түрмөдө отурмаксың эмгиче.
+4
adilbars
2019-03-23 19:30:38
Казактар кандай атаса да оздору билет да, ишинер эмне? Чек арасы бекем, армиясы кучтуу, экономикасы кубаттуу! Кааласа Султан-Нур деп алышат да! Кыргыз дар озубуздукун ондоп алалы, кишиге сынтаккандан мурда! Ар кандай келжирек маалыматтарга ээрчий бербей, акылга келеличи!
+5
filis
2019-03-23 20:16:19
Сокенин ким экен. Жакында Путин келет. Кичине оруча словарный запас топтоп алсын.
-1
zhesika
2019-03-24 00:55:29
filis, Урматтуу Сооронбай Шарипович убагында орус тили мугалими болуп иштеген. Орусчаны эн жакшы денгээлде суйлойт.
+2
uli1234
2019-03-23 21:13:05
Бишкекти атамбаев эмес Аша деп өзгөртүш керек
-9
Povetkin
2019-03-23 21:31:04
Нурсултан деген болсо катуу кеткенго зато казактан разы болсо болгудай президент..
-2
Sajakat14
2019-03-24 01:42:42
Ааиий диктатор деген ушул да! Кыргызстанда ошентип көрүнчү президент эл кууп чыгып салат!
+1
Benazir08
2019-03-24 11:57:32
Ар ким оз деңгээлине жараша суйлойт. Нурсултан Ушундай деңгээлге жетти и татыктуу. Иши да созу да ордунда 80ге таяп калса да 40 тагы жигиттей басып журот. Молодец. Аллах колдосун. А биздикилер улгу алгандын ордуна. Баары эле оз очогуна күл тартмай
0
SHEFKUBAT
2019-03-24 20:42:01
49жашынан баштап 79чейин.30жыл иштесе,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан