Албек Ибраимовдун жактоочусу сотко ишенбөөчүлүк жарыялады

Бүгүн, 30-январда Октябрь райондук сотунда Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовдун соттук отуруму өтүп жатат.

Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесарев сотко ишенбөөчүлүк жарыялады.

"Иштин 8 томдук материалдары колуңузга тийген күнү эле тергөө иштери туура жүргөн деген чечим чыгардыңыз. Менин оюмча, 8 томдук материалдар менен дароо таанышып бүтө алгандай сиздин өзгөчө мүмкүнчүлүктөрүңүз жок. Буга байланыштуу сиздин бул ишти адилеттүү карай тургандыгыңыздан шек санайм. Ошондуктан сотко ишенбөөчүлүк көргөзөм", - деди Слесарев.

Соттолуучу Ибраимов жактоочусунун пикирин колдой турганын билдирди. Ал эми калган жактоочулар жана соттолуучулардын айрымдары Слесаревдин пикирин колдобой турган болсо, айрымдары сот кандай чечим чыгарса ошого макул экендигин билдиришти. Учурда сот чечим чыгаруу учун башка бөлмөгө кирип кетти.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан