УКМК орун жетишсиз деп экс-мэрлер Кулматов менен Ибраимовду СИЗО-1ге которууну сунуштады

Бүгүн, 21-июнда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовго козголгон кылмыш иши боюнча соттук отуруму улантылууда. Соттук отурумда УКМКнын каты окулду.

Катта айыпталуучулар Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовду СИЗО-1ге которуу сунушу бар. Сунушта УКМКнын убактылуу кармоочу жайында орун жетишсиз экени жазылган.

Бул сунушка айыпталуучу Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев каршы экенин билдирди.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Кубанычбек Кулматовго карата 2018-жылдын май айында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, июнь айында камакка алынган. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган.

Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталууда. Ушул жылдын 6-мартынан тартып Кулматов менен Ибраимовдун иштери бириктирилип, сотто карала башталды. Эки экс-мэрдин ишине байланыштуу жалпысынан 14 адамга айып коюлган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Jaznura
2019-06-21 13:04:44
Бул эки мега уууруну коп эркелетпей эртерээк эсебин беруу керек
+5
Tolkun555
2019-06-21 13:13:09
Атамбаевке орун бошотуш керек болуп жатса керек
+6
aydinnur
2019-06-21 13:26:21
Бул экөөнү да караларга салып берип, Атамбаевге каршы көрсөтмө алалы деп жатышат го...Соке байкенин бийлиги аман болсун (((
-7
toktor89
2019-06-21 13:41:56
Байкуш уялчаак ал жакта да уялбаса экен
+2
toktor89
2019-06-21 13:47:05
Мен макулмун
+1
fora
2019-06-21 13:56:06
Болгон дунуйосун мамлекетке алып оздорун омур бойу мамлекетке иштебей турган закон чыгаргыла
+6
KaGaH
2019-06-21 14:34:07
СИЗО 1 де,башка закон)))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан