Кубанычбек Кулматов мамлекетке 94 миллион 884 миң сом зыян келтирди деген экспертизанын жыйынтыгына анын жактоочусу макул эмес

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго карата козголгон кылмыш иштин негизинде соттук экспертизанын жыйынтыгы чыгып, ал мамлекеттик казынага 94 миллион 884 миң сом өлчөмүндө зыян келтиргенин акыктаган. Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев мындай жыйынтыкка макул эместигин билдирип, жогорку инстанцияга кайрылган.

Жактоочунун билдирүүсү боюнча бул жалган далилдер.

"Мындай көрсөткүчтөр ойдон чыгарылган. Бул иш боюнча саясий буйрук аткарылып жатат. Эгерде Кулматов подрядчиктерди тандап Калыс-Ордо конушундагы мектепти салдырбаганда, ал жакта дагы деле мектеп маселеси чечилмек эмес. Учурда мектеп иштеп жатат. Бул жеке менчик имарат эмес", - деди Слесарев.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Кубанычбек Кулматовго карата 2018-жылдын май айында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, июнь айында камакка алынган. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан