Астротөлгө: 4-апрель күнү төрөлгөн адамдар убактысынын көп бөлүгүн иштөө менен өткөрүшөт

4-апрелде төрөлгөн адамдар убактысынын көп бөлүгүн, болгон күчүн иштөөгө арнайт. Амбициясы күчтүү болгондуктан энергиясын жумушка арнап, ийгиликке жетүүгө умтулушат. Жашоодо өзү иштеп, материалдык байлык, акча топтоого кызыгышат. Жөн отурбастан бардык аракетин, күчүн жумшап көздөгөн максатына жетмейинче жаны тынбайт. Ар бир ишти жасаардан мурда алдын ала пландап, аны кантип ишке ашыруунун жолун тапкандан кийин гана аткара баштайт.

Бул күнү жарыкка келген адамдар өзүнө абдан ишенгендиктен эч кимдин колдоосуна муктаж эмес. Кызыккан нерсесинин баарын өзү каалагандай жасай беришет. Ал эми жеке мамиледе бир жагынан бирөөгө көз каранды болбой, өзү каалагандай жүрүүнү жактырышса, экинчи жагынан өнөктөшү ишенимдүү болсо узак убакыт мамиле түзүүгө умтулушат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан