Астротөлгө: 9-июль күнү төрөлгөндөр кызганчаак болушабы?

9-июль күнү төрөлгөндөр табияттын сырларын изилдөөгө кызыгышат. Адам баласынын турмушуна түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон сырдуу күчтөр өз таасирин тийгизет деп ойлошот.

"Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет" деген принципке таянып, ар кандай иште тажрыйбалуу адамдардын жанында иштөөгө умтулат.

Эркин жашоону тандайт жана үй-бүлөсүнүн каржылоочусу болушат. Үй-бүлөлүк бизнести мыкты уюштуруп, балдарына да өзгөчө көңүл бурат.

Бул күнү төрөлгөндөр бизнестеги шеригиңиз болсо, анда аларга ишкерликти ишенип тапшырып, өнүктүрүү жаатында ийгиликтерди күтсөңүз болот.

Ушул күнү жарык дүйнөгө келгендер түгөй катары жөнөкөй адамдарды тандап, сүйүү мамилесинде кызганчаак келишет.

Таң калычтуу кубулуштарды байкап, көңүл бөлүп, күнүмдүк турмуштагы дал келүүлөрдү өз алдынча түшүндүрүүгө аракеттенишет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Cleo-13
2018-07-09 05:50:27
Менин кызымдын туулган куну
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан