Астротөлгө: 15-июнда төрөлгөн адамдар куу болобу?

15-июнь күнү төрөлгөндөр сыртынан бош, назик көрүнгөнү менен темирдей катуу, мээримсиз, куу адамдар болушат. Айрым учурда алардын катаал адам экенин көпчүлүк байкабай калат. Айланасындагылар менен талашып, тартышууну жактырбайт. Бирок сөз менен байкатпай эле өздөрүнүн максатына жетип алат.

Башка эгиздердей эле ийкемдүү, бейтааныш адамдар менен тил табышып, тааныш эмес чөйрөгө бат эле көнүп кетет. Чечкинсиз болуп, айрым учурда чечим кабыл ала албай кыйналат. Мындан улам бир келген бакытты, ийгиликти колунан учуруп алышы мүмкүн. Бирок ишке берилгендиги, баамчылдыгы, терең ойлуулугу менен сыйга ээ болот.

Ушул күнү төрөлгөн эгиздер жылдыздуулугу жана адамдарды ынандыра алгандыгы менен айырмаланат. Табият тартуулаган татынакай сулуулугу менен подиумда, театрда же кино тармагында карьера жасай алат. Ал эми келбетим келишимдүү эмес дегендердин көпчүлүгү акылдуулугу менен илим тармагында иш алып барат. Атак-даңк, материалдык байлык алар үчүн маанилүү.

Башкалардын кумир туткан адамы болгонду жактырат. Ал эми аялбы, эркекпи "үй-бүлөдө мен лидер болушум керек" деген принципте жашайт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан