8-февраль күнү төрөлгөн адамдар сабырдуу, аракетчил болушат. Алар алдына койгон максатына жетип, ийгилик жаратмайынча болгон күчүн жумшап, жаны жай албайт. Булар мындай сапатынын артында көптөгөн ийгиликтерге жете алышат.
Ушул күнү жарыкка келген адамдар Тараза, Эгиздер жана Жаачы белгисинин алдында төрөлгөн адамдар менен үй-бүлө курса, ийгиликтүү болот. Аталган жылдыз белгисинде төрөлгөндөр менен жашоого болгон көз карашы, максаттары бир болуп түбөлүгү түз болот. Ошондой эле булар өзүнүн кесиби боюнча иш алып барса жакшы жыйынтык чыгарып, ийгиликке жете алат.