Баткен облустук Ички иштер башкармалыгы Өзбекстан Республикасынын 4 жаранына издөө салат. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, изделип жаткан адамдар Кадамжай районунда оор жана өтө оор кылмыштарды жасап, качып жүрүшөт.
Алар:
Шодмонов Равшонжон Улмасходжаевич 40 жашта. Ал Фергана районунун Кургон-Тепа айылында туулган. 2000-жылы каракчылык, тоноочулук жана мал уурулук жасаган.
Арзиев Шерзод Алишерович 30 жашта. 2012-жылы алдамчылык, автотранспортту тартып алуу, каракчылык беренелери менен иш козголгон.
Тешебаев Эркин Уктамович 53 жашта. Фергана районунун Кувасай шаарында туулган. 2006-жылы баңгизаттарын мыйзамсыз сактагандыгы үчүн айыпталган.
Фазлиддинов Наврузиддин Икромиддинович 1993-жылы Фергана облусунун Сох районунда туулган. 2018-жылы Beeline компаниясынын тармагын бузуп компьютер аркылуу акча уурдаган хакер.
Баткен ОИИБинин кызматкерлери сүрөттөгү жарандардын кимдир бирөөсүн таанып же жүргөн жерин билгендер болсо, төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт. Анонимдүүлүк сакталат жана акчалай сыйлык берилет.
Байланыш телефондору: 3655 50-2-29, 0502 77-77-02, 0776 04-07-44