19-сентябрда төрөлгөндөр амбициясы күчтүү, көздөгөн максатына жете билген адамдар болушат. Булар өзүнө ишенгендиктен алдына чоң максаттарды коюп, ага жетмейинче жаны жай албайт. Аябагандай аракетчил болгондуктан көздөгөнүнө жетүүнү жашоосунун негизги бөлүгүнө айландырып алышкан.
Ушул күнү жарыкка келген адамдар эмоционалдуу жана романтикага жакын келишет. Жеке мамилени узак убакытка сактоо үчүн сүйүктүүсүнө ишенимдүү, камкор өнөктөш болууга аракет кылышат.
19 санынын алдында төрөлгөндөр иштеген ишинен баар тапкан, ийгиликтүү адамдар болушат. Жасаган ар бир ишинен ийгилик жаратууга мүмкүнчүлүгү кенен болгондуктан, ар дайым алдыда жүрүшөт. Булар кандай жумуш болбосун баш тартпай иштөөгө дайым даяр.